# 8-статья. Арбитрге коюлуучу талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 8-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-8

---

1. Иш-аракетке жарамдуу, тиешелүү квалификацияга ээ болгон, талаш-тартыштын калыс каралышын камсыз кылуучу жана тараптарга көз каранды болгон жеке жак арбитр болушу мүмкүн.

Талаш-тартышты жеке өзү караган арбитр юридикалык квалификацияга ээ болушу керек. Талаш-тартыш коллегиялык жол менен карала турган болсо, иш боюнча төрагалык кылуучунун юридикалык квалификациясы болушу керек.

2. Арбитрдин талапкерлигине карата колдонулуучу эрежелерде кошумча талаптар каралышы мүмкүн.

3. Төмөндөгүлөр арбитр боло алышпайт:

- компетенттүү соттун судьясы;

- мамлекеттик кызматкер;

- соттолгон адам;

- иш-аракетке жарамсыз же иш-аракетке жарамдуулугу чектелүү деп таанылган адам.

4. Эгерде тараптар башкача макулдашпаса, тараптардын бири да жарандыгына байланыштуу арбитр катары чыгуу укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-9)
