# 6-статья. Бейтарап соттун ишинин укуктук негизи

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 6-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-6

---

1. Бейтарап сот териштирүүнү бейтарап макулдашууда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча ишке ашырат, ал эми мындай көрсөтмө болбогон учурда - бейтарап сот өзү тандаган же белгилеген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

2. Бейтарап сот талаш-тартышты материалдык укуктун ченемдерине ылайык карайт, аларды тараптар келишимде же талаш-тартыштын маани-маңызына карата колдонуучу нерсе катары бейтарап макулдашууда аныкташат.

3. Колдонулуучу эреже жөнүндө макулдашуу болбогондо бейтарап сот талаш-тартышты кароодо колдонууга тийиш болгон укук ченемдерин өз алдынча аныктайт.

4. Бейтарап сот чечимди колдонулуучу укукка ылайык кабыл алат, ал эми колдонулуучу укуктардын жөнгө салынбаган бөлүгүндө - иштин кайталануу салты менен жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-7)
