# 5-статья. Талаш-тартышты бейтарап соттордун чечүүсүнө өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 5-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-5

---

1. Ушул бейтарап сотко өткөрүп берүү тууралу тараптардын макулдашуусу же мыйзам күчүндө болгондо талаш-тартыш бейтарап соттун чечүүсүнө берилиши жана ал тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Компетенттүү сот тарабынан каралып жаткан талаш-тартыш бейтарап соттун чечишине өткөрүп берилиши мүмкүн, бирок бул талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча сот чечим кабыл алганга же тараптар жарашуу келишимин түзгөнгө чейин гана болот.

2. Бейтарап соттун макулдашуусунун заты болгон маселе боюнча доо компетенттүү сотко берилгенде бейтарап макулдашуунун болгондугун ырастаган фактыларды тапкандан кийин, анын ичинде бул тууралу тараптардын биринен кабар келип түшкөндө ал доо арызын кабыл алуудан баш тартуусу керек же доону кароосуз калтыруусу керек, же иш боюнча өндүрүштү токтотуусу керек.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-6)
