# 45-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун жарандардын катышуусу менен болгон талаш-тартыштарга колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 45-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-45

---

1. Эгерде тараптардын макулдашуусунда же мыйзамда башкача белгиленбесе, талаш-тартыштарды бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүүдө биринчи же экинчи тараптан тең жарандар чыгып сүйлөшсө, ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.

2. Бейтарап соттордо төмөнкүдөй иштер каралбайт:

- сот аткаруучусунун токтомдоруна жана башка аракеттерине (аракетсиздигине, аракет жасоодон баш тартууга) даттануулар боюнча;

- юридикалык мааниси бар фактыларды (юридикалык фактыларды) далилдөө боюнча;

- жоготулган баалуу кагаздар боюнча укуктарды калыбына келтирүү;

- банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;

- жарандын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун төлөп берүү жөнүндө;

- ар-намыс, кадыр-барк жана ишкер беделди коргоо жөнүндө;

- мурастык укуктук мамилелерден келип чыгуучу;

- никеге туруу жана никенин токтотулушунун тартибине жана шарттарына тийиштүү;

- үй-бүлөдө жубайлардын, ата-эне менен балдардын, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн ортосунда жеке жана мүлктүк эмес мамилелерге тийиштүү;

- эркек баланы асырап алууга, камкордук менен көзөмөлдүккө, балдарды тарбияга алууга байланыштуу келип чыгуучу;

- жарандык абалдын актыларын каттоодо келип чыгуучу;

- мыйзам тарабынан бейтарап соттун чечүүсүнө берүүгө мүмкүн болбогон талаш-тартыштар.

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-46)
