# 44-статья. Аткаруу барагын берүү жөнүндө арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 44-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-44

---

1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

2. Арызды кароо мезгили жана жери жөнүндө тараптар тиешелүү түрдө билдирилет, бирок тараптардын биринин келбей коюшу арызды кароого жолтоо болбойт.

3. Бейтарап соттун чечимин ыктыярдуу аткарбаган тарап компетенттүү сотко бейтарап соттун чечимин кайсы себептер боюнча аткарбай жүргөндүгүнүн себептерин көрсөтүү менен түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

4. Компетенттүү сот тарабынан арызды кароонун жыйынтыктары боюнча аткаруу барагын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат. Компетенттүү соттун аныктамасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-45)
