# 42-статья. Аткаруу барагын берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 42-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-42

---

Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арызды кароодо компетенттүү сот аткаруу барагын төмөндөгүдөй учурларда берүүдөн баш тарат:

1) эгерде тараптардын бири компетенттүү сотко талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүүдө экинчи тараптын иш-аракетке жарамдуу эмес экендиги тууралу далилдерин берсе;

2) эгерде тараптардын бири арбитрди дайындоо же бейтарап териштирүү жөнүндө тийиштүү деңгээлде кабарланбаса;

3) эгерде бейтарап соттун курамы же бейтарап териштирүү жол-жобосу тараптардын макулдашуусуна же колдонулуучу эрежелерге туура келбесе;

4) эгерде бейтарап соттун чечими тараптардын макулдашуусунда каралбаган же анын шарттарына туура келбеген талаш-тартыш боюнча кабыл алынса же көрсөтүлгөн макулдашуунун алкагынан чыккан маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү камтыса. Эгерде бейтарап макулдашуу камтыган маселелер боюнча көрсөтмөлөр мындай макулдашууда камтылбаган маселелерден ажыратылса, анда бейтарап макулдашууда камтылган маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган бейтарап соттун чечиминин бир бөлүгү аткарылышы мүмкүн жана бул бөлүктү аткартууга аткаруу барагын берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес;

5) эгерде тарап бейтарап макулдашуунун анык эместиги жөнүндө арызды негиздеп берсе, ал эми бейтарап сот талаш-тартышты кароого алса жана талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча чечим чыгарса;

6) эгерде компетенттүү сот талаш-тартыш объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн заты болушу мүмкүн эместигин аныктаса.

Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2, 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча компетенттүү сот мажбурлап аткартуу жөнүндө аткаруу барагын берүүдөн баш тартса, аткаруу барагын берүүгө баш тартылган чечимди чыгарган бейтарап сот кайталап бейтарап териштирүү өткөрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-43)
