# 41-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092#diff=50995..56527>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 41-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-41

---

1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу компетенттүү сот тарабынан бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү менен ишке ашырылат.

2. Аткаруу барагын берүү жөнүндө арызды таламдаш тарап төлөмөрдүн жашаган же жайгашкан жери боюнча компетенттүү сотко берет.

3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыз чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилиши мүмкүн.

Арызга төмөндөгү документтер милдеттүү түрдө тиркелет:

1) бейтарап соттун чечиминин түп нускасы же чечимди чыгарган орган тарабынан ырасталган чечимдин көчүрмөсү же болбосо нотариустан күбөлөндүрүлгөн чечимдин көчүрмөсү;

2) бейтарап сотто (бейтарап макулдашууда) талаш-тартышты чечүү жөнүндө макулдашуунун түп нускасы же макулдашуунун нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастаган документтер.

"Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборунун жана башка бейтарап соттордун чечимдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ага ылайык кабыл алынган, аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актыларда жана "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актыларында белгиленген тартипте аткарылууга тийиш. Талаш-тартышты бейтарап соттун чечүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин, макулдашуунун тексти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде берилет. Тексттин котормосу котормочунун нотариустан күбөлөндүрүлгөн колу менен тастыкталышы керек. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-42)
