# 4-статья. Бейтарап сотторду түзүү жана алардын иштөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092#diff=50995..56527>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 4-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-4

---

1. Бир жолку бейтарап сотту түзүүнүн жана анын ишинин тартиби тараптардын макулдашуусу менен, ал эми тараптардын макулдашуусу менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актылары менен аныкталат.

2. Туруктуу иштеген бейтарап сотторду түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Туруктуу иштеген бейтарап соттордун иши колдонулуучу эрежелер менен, ал эми колдонулуучу эрежелер менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актылары менен жөнгө салынат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде бейтарап сотторду түзүү жана алардын иштешинин башка эрежелери каралса, бул келишимдин эрежелери колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-5)
