# 39-статья. Чыгымдарды авансылоо. Бейтарап соттогу талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 39-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-39

---

1. Бейтарап сот түзүлгөндөн кийин ушул Мыйзамдын 38-статьясында каралган чыгымдарды жабууга аванс катары тараптардын ар биринен бирдей суммаларды төгүүнү талап кылууга укуктуу.

Эгерде аванс төгүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөндөн кийин талап кылынуучу аванс 30 күн ичинде толугу менен төгүлбөсө, бейтарап сот тараптардын бири талап кылынуучу төлөмдү төккүдөй болсун деп билдирет. Эгерде аванс тараптар макулдашылган өлчөмдө жана шарттарда төгүлбөсө, бейтарап сот бейтарап териштирүүнү өткөрүүдөн баш тартууга же аны токтото турууга укуктуу.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бейтарап сотто талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндөгү бардык маселелерди бейтарап сот өз алдынча чечет.

3. Талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү чечимде же аныктамада көрсөтүлөт.

Тараптардын ортосундагы талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндөгү жобо бейтарап соттун чечиминин курамдык бөлүгү болуп саналат жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-40)
