39-статья. Чыгымдарды авансылоо. Бейтарап соттогу талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 6-Глава
1. Бейтарап сот түзүлгөндөн кийин ушул Мыйзамдын 38-статьясында каралган чыгымдарды жабууга аванс катары тараптардын ар биринен бирдей суммаларды төгүүнү талап кылууга укуктуу.
Эгерде аванс төгүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөндөн кийин талап кылынуучу аванс 30 күн ичинде толугу менен төгүлбөсө, бейтарап сот тараптардын бири талап кылынуучу төлөмдү төккүдөй болсун деп билдирет. Эгерде аванс тараптар макулдашылган өлчөмдө жана шарттарда төгүлбөсө, бейтарап сот бейтарап териштирүүнү өткөрүүдөн баш тартууга же аны токтото турууга укуктуу.
2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бейтарап сотто талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндөгү бардык маселелерди бейтарап сот өз алдынча чечет.
3. Талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү чечимде же аныктамада көрсөтүлөт.
Тараптардын ортосундагы талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндөгү жобо бейтарап соттун чечиминин курамдык бөлүгү болуп саналат жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1092/st-39" title="39-статья - Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>