# 38-статья. Бейтарап соттогу талаш-тартышты кароо менен байланышкан чыгымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 38-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-38

---

1. Бейтарап соттогу талаш-тартышты кароо менен байланышкан чыгымдар төмөндөгүлөрдү камтый алат:

- арбитрлерге берилген калемакыны;

- туруктуу иштеген бейтарап соттун чыгымдарын;

- арбитрдин жол жүргөнүнө кетүүчү чыгымдарды, дагы башка чыгымдарды;

- талаш-тартышты кароо менен байланышкан башка чыгымдарды.

2. Туруктуу иштеген бейтарап соттун арбитрлерине берилүүчү калемакылардын өлчөмү колдонулуучу эрежелерде белгилениши мүмкүн.

3. Бир жолку бейтарап соттун арбитрлеринин калем акыларынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

4. Бейтарап сот өзү чыгарган чечимди оңдоо, чечимге түшүндүрмө берүү, кошумча чечим чыгаруу же талаш-тартышты кайталап кароо үчүн кандайдыр бир калемакыларды белгилөөгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-39)
