Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
361-статья. Бейтарап соттун чечимине даттануунун тартиби
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 мая 2025 года № 106
1. Бейтарап соттун чечимине ушул Мыйзамдын 28-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн бейтарап териштирүүнүн тараптары, алардын укуктарына жана милдеттерине карата бейтарап соттун чечими чыгарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанышы мүмкүн.
2. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз бейтарап соттун жайгашкан жери боюнча райондук же шаардык сотко берилет. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүү бейтарап соттун чечимин аткарууну токтотуп турат.
3. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде райондук же шаардык соттун судьясы тарабынан жеке каралат. Бул учурда судья төмөнкүлөрдү текшерет:
1) талаш-тартышты бейтарап сотко берүү жөнүндө макулдашууну түзүүдө тараптардын аракетке жөндөмдүүлүгүн;
2) арбитрди дайындоо же бейтарап териштирүү жөнүндө тараптардын талаптагыдай кабарлангандыгын;
3) бейтарап соттун курамынын же бейтарап териштирүүнүн жол-жоболорунун тараптардын макулдашуусуна же колдонулуучу эрежелерге шайкеш келишин;
4) тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап сотко берүү жөнүндө бейтарап макулдашуунун болгондугун, макулдашуунун чектери жөнүндө мазмунду;
5) бейтарап макулдашуунун жараксыздыгы жөнүндө тараптын арызынын негиздүүлүгүн;
6) талаш-тартыштын объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн предмети боло ала тургандыгын.
4. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун судьясы арызды ушул статьянын 3-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында белгиленген негиздер боюнча негиздүү деп тапса, анда ал бейтарап соттун чечимин жүйөөлүү түрдө жокко чыгарат жана материалдарды кайрадан бейтарап териштирүүнү жүргүзүү үчүн кайтарат.
5. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун судьясы арызды ушул статьянын 3-пунктунун 1, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча негиздүү деп тапса, анда ал бейтарап соттун чечимин жүйөөлүү түрдө жокко чыгарат.
Ушул статьянын 3-пунктунун 1, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу бейтарап териштирүүнүн тараптарынын жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча сотко кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.
6. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызга бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждын), чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан алынуучу мамлекеттик алым төлөнөт.
7. Райондук жана шаардык соттун чечимдери алар чыгарылган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 40-главасында каралган тартипте кассациялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 23-майындагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 мая 2025 года № 106 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О третейских судах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Бейтарап соттун чечимине даттануунун тартиби 1. Бейтарап соттун чечимине ушул Мыйзамдын 28-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн бейтарап териштирүүнүн тараптары, алардын укуктарына жана милдеттерине карата бейтарап соттун чечими чыгарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанышы мүмкүн. 2. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз бейтарап соттун жайгашкан жери боюнча райондук же шаардык сотко берилет. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүү бейтарап соттун чечимин аткарууну токтотуп турат. 3. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде райондук же шаардык соттун судьясы тарабынан жеке каралат. Бул учурда судья төмөнкүлөрдү текшерет: 1) талаш-тартышты бейтарап сотко берүү жөнүндө макулдашууну түзүүдө тараптардын аракетке жөндөмдүүлүгүн; 2) арбитрди дайындоо же бейтарап териштирүү жөнүндө тараптардын талаптагыдай кабарлангандыгын; 3) бейтарап соттун курамынын же бейтарап териштирүүнүн жол-жоболорунун тараптардын макулдашуусуна же колдонулуучу эрежелерге шайкеш келишин; 4) тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап сотко берүү жөнүндө бейтарап макулдашуунун болгондугун, макулдашуунун чектери жөнүндө мазмунду; 5) бейтарап макулдашуунун жараксыздыгы жөнүндө тараптын арызынын негиздүүлүгүн; 6) талаш-тартыштын объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн предмети боло ала тургандыгын. 4. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун судьясы арызды ушул статьянын 3-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында белгиленген негиздер боюнча негиздүү деп тапса, анда ал бейтарап соттун чечимин жүйөөлүү түрдө жокко чыгарат жана материалдарды кайрадан бейтарап териштирүүнү жүргүзүү үчүн кайтарат. 5. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун судьясы арызды ушул статьянын 3-пунктунун 1, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча негиздүү деп тапса, анда ал бейтарап соттун чечимин жүйөөлүү түрдө жокко чыгарат. Ушул статьянын 3-пунктунун 1, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу бейтарап териштирүүнүн тараптарынын жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча сотко кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт. 6. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызга бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждын), чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан алынуучу мамлекеттик алым төлөнөт. 7. Райондук жана шаардык соттун чечимдери алар чыгарылган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 40-главасында каралган тартипте кассациялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн. (КР 2025-жылдын 23-майындагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1092/st-361" title="361-статья - Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>