# 36-статья. Бейтарап териштирүүнүн токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 36-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-36

---

1. Бейтарап териштирүү талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча чечим кабыл алуу менен же төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:

1) доогер өзүнүн талаптарынан баш тартып, жоопкер териштирүүнүн токтотулушуна каршы болбогон учурда;

2) тараптар териштирүүнү токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкенде;

3) эгерде талаш-тартыш бейтарап сотто каралбоого тийиш болсо;

4) тараптар жарашуу келишимин түзүшсө.

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-35)  
Кийинки берене: [361-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-361)
