# 34-статья. Жазуудагы жаңылыштыктарды, ката басылгандарды, арифметикалык каталарды оңдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 34-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-34

---

1. Бейтарап сот чечим чыгарган күндөн тартып 30 күн ичинде өзүнүн демилгеси менен же тараптардын биринин арызы боюнча башка тарапты кабардар кылып, чечимде кетирилген жазуудагы жаңылыштыкты, ката басылгандарды, арифметикалык каталарды оңдой алат.

2. Чечимди оңдоо жөнүндө маселе бейтарап соттун заседаниесинде тараптардын катышуусу менен чечилет, бирок алардын келбей калышы чечимди оңдоо жөнүндө маселени кароого тоскоолдук болбойт.

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-35)
