# 33-статья. Чечимди түшүндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 33-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-33

---

1. Бейтарап сот чечим чыгарган күндөн тартып 30 күн ичинде тараптардын бири экинчи тарапка билдирүү берип, чечимдин кайсы бир белгилүү пунктун же бөлүгүн түшүндүрүү жөнүндө арыз менен бейтарап сотко кайрылууга укуктуу.

2. Эгерде чечим аткарыла элек болсо жана аны мажбурлап аткартуу мөөнөтү аяктай элек болсо, чечимди түшүндүрүүгө уруксат берилет.

Чечимди түшүндүрүү жөнүндөгү маселе бейтарап соттун заседаниесинде тараптардын катышуусу менен чечилет, бирок алардын келбей калышы чечимди түшүндүрүү жөнүндөгү маселени караганга тоскоол болбойт.

3. Бейтарап сот чечимдин мазмунун өзгөртпөстөн аны алган күндөн тартып 30 күн ичинде тиешелүү түшүндүрмө бериши керек. Мындай түшүндүрмө чечимдин курамдык бөлүгү болуп калат.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-34)
