# 32-статья. Кошумча чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 32-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-32

---

1. Тараптардын бири экинчи тарапка билдирүү берип, бейтарап сот чечим чыгарган күндөн тартып 30 күн ичинде бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө айтылган, бирок чечимде чагылдырылбай калган талаптар боюнча кошумча чечим чыгаруу жөнүндө арыз менен бейтарап сотко кайрыла алат.

2. Бейтарап сот арыз карала турган жери жана мөөнөтүн көрсөтүп, тараптарга билдириши керек. Тараптын же тараптардын келбей калышы кошумча чечим чыгаруу жөнүндө арызды кароого жана чечүүгө жолтоо болбойт.

Кошумча чечимди чыгаруу жөнүндө арыз аны кароого кабыл алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде каралышы керек.

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-33)
