# 31-статья. Бейтарап соттун чечиминин формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 31-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-31

---

1. Бейтарап соттун чечими жазуу жүзүндө кабыл алынат жана бейтарап соттун бүткүл курамы кол коет.

2. Бейтарап соттун чечиминде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

1) аны кабыл алган күн, бейтарап соттун курамы, териштирүү жүргүзүлүүчү жери жана убагы;

2) бейтарап териштирүүнүн (талаш-тартыштын) тараптарынын аталышы, алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын көрсөтүү менен фамилиялары жана кызматы;

3) талаш-тартыштын, арыздын, расмий өтүнүчтүн мазмуну, териштирүүгө катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү;

4) бейтарап сот белгилеген иштин жагдайлары, бул жагдайлар жөнүндө бейтарап соттун корутундусуна негизделген далилдер, чечимди кабыл алууда бейтарап сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана дагы башка ченемдик укуктук актылар;

5) чечим негизделген жүйөөлөр;

6) төмөндөгүлөр көрсөтүлгөн резолюциялык бөлүк:

- кабыл алынган чечимдин мазмуну;

- ишти кароого байланышкан чыгымдардын бөлүштүрүлүшү;

- кабыл алынган чечимди аткаруу мөөнөтү жана тартиби.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-32)
