# 3-статья. Бейтарап соттордун түрлөрү жана укуктук абалы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092#diff=50995..56527>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 3-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-3

---

1. Бейтарап макулдашууга же мыйзамга ылайык талаш-тартыштар туруктуу иштеген бейтарап соттун же бир жолку бейтарап соттун кароосуна берилиши мүмкүн.

Туруктуу иштеген бейтарап сот - бейтарап териштирүүнү ишке ашырууну камсыз кылуучу уюм. Бир жолку бейтарап сот - белгилүү бир талаш-тартышты кароо үчүн тараптар тарабынан түзүлүүчү жана бул талаш-тартыш боюнча бейтарап териштирүү аяктаары менен өз ишин токтотуучу бейтарап сот.

2. Арбитраждык мекеме юридикалык жак болуп саналат жана өз ишин коммерциялык эмес уюм түрүндө жүзөгө ашырат. Арбитраждык мекемелер, анын ичинде "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбору өз ишин "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актыларында каралган башка уюштуруучулук-укуктук формаларда жүргүзө алат.

Бейтарап териштирүүгө байланышкан бейтарап соттордун иши экономикалык иш болуп саналбайт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-4)
