# 29-статья. Бейтарап соттун чечим кабыл алышы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 29-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-29

---

1. Эгерде колдонулуучу эрежелерде же тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бейтарап соттун чечими иштин жагдайын изилдеп бүткөндөн кийин бейтарап арбитрлердин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечим бардык жагдайлардын толук жана объективдүү каралышына негизделет. Чечим бейтарап соттун атынан кабыл алынат жана анын заседаниесинде жарыяланат. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бейтарап сот чечимдин резолюциялык бөлүгүн гана жарыялоого акылуу. Бул учурда чечимдин резолюциялык бөлүгү жарыялангандан кийин жүйөөлүү чечим 5 күндөн кечиктирилбестен тараптарга жөнөтүлүүгө тийиш.

Бейтарап соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кабыл алган чечимге макул болбогон арбитр өзүнүн өзгөчө пикирин жазып берүүгө акылуу, ал чечимге тиркелет. Тараптар бейтарап арбитрдин өзгөчө пикири менен таанышууга укуктуу.

2. Эгерде бул талаш-тартышты чечүү үчүн керек деп табылса, бейтарап сот чечимдин кабыл алынышын кийинкиге калтырууга жана тараптарды кошумча заседаниеге чакырууга укуктуу.

3. Бейтарап соттун чечими бейтарап териштирүүнүн жеринде, бейтарап сот тарабынан жарыяланган күндөн тартып кабыл алынган болуп саналат.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-30)
