# 28-статья. Бейтарап соттун чечими акыркы чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 мая 2025 года № 106 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О третейских судах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027064)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092#diff=13982..32345>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 28-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-28

---

1. Бейтарап соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жана ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо, талаш-тартыштын маңызы боюнча талашууга жатпайт. Тараптар бейтарап соттун чечимин чечимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

2. Бейтарап соттун чечими чыгарылган талаш-тартыштын тарабы болуп мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме жана ишкана, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар башка юридикалык жактар болгон учурларда бейтарап соттун чечими даттанылышы мүмкүн.

Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүү үчүн негиз болуп ушул Мыйзамдын 361-статьясынын 3-пунктунун 1-6-пунктчаларында каралган учурлар эсептелет. (КР 2025-жылдын 23-майындагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-29)
