# 26-статья. Адис менен экспертти дайындоо жана экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 26-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-26

---

1. Тараптардын башка макулдашуусу болбогон учурда бейтарап сот кайсы бир тармакта атайын билимдерди талап кылуучу талаш-тартышты чечүү учурунда пайда болуучу маселелерди түшүндүрүү үчүн адисти чакыра же экспертиза дайындай алат жана каалаган тараптан экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана башка далилдерди берүүнү талап кыла алат.

Эгерде тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, бейтарап сот бир же бир нече адистерди жана (же) эксперттерди дайындай алат.

2. Тараптар башка жөнүндө макулдашпаган учурда экспертиза жүргүзүүдө эксперттин (эксперттердин) талапкерлери, ошондой эле экспертиза жүргүзүлгөн учурда түшүндүрүлө турган маселелер тараптардын пикирин эске алуу менен бейтарап сот тарабынан аныкталат.

3. Эксперт бейтарап сотко жазуу жүзүндө корутунду берет, ал эми адис тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берет жана тараптар менен бейтарап соттун суроолоруна жооп берет.

4. Тараптардын башка жөнүндө макулдашуусу болбогондо, эксперт жазуу жүзүндөгү корутундусун тапшыргандан кийин эгерде тараптардын бири бул жөнүндө өтүнсө же бейтарап сот муну зарыл деп эсептесе, ишти караганга катышууга тийиш, анда экспертизанын жүргүзүлүшүнө жана берилген корутундуга байланыштуу тараптарга жана бейтарап сотко ага суроо берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-27)
