24-статья. Талаш-тартышты кароо тартиби
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 4-Глава
1. Талаш-тартышты кароо тараптардын же алардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен же болбосо мындай катышуусуз ишке ашырылышы мүмкүн. Тараптардын талаш-тартышты кароо тартиби жөнүндө макулдашуусу болбогон учурда, бейтарап сот бул маселени өз бетинче чечет, бирок, эгерде тараптардын биринин тиешелүү расмий өтүнүчү болсо, талаш-тартышты кароо тараптардын же алардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашырылууга тийиш.
2. Тараптарга бейтарап соттун заседаниеси жөнүндө билдирме күн мурунтан жөнөтүлүшү керек. Эгерде тил кат аркылуу берилсе, тапшырык кат менен же мындай билдирменин жеткирилгенин белгилөөнү камсыз кылуучу мындан бөлөк ыкма менен жөнөтүлсө, билдирме жеткирилген деп саналат.
Тараптардын биринин бейтарап сотко берүүчү бардык арыздарынын, документтеринин жана башка материалдарынын көчүрмөлөрү экинчи тарапка берилүүгө тийиш. Бейтарап сот талап кылып, ошолорго карап өз чечимдерин негиздеген эксперттердин корутундулары жана башка документтери (алардын көчүрмөлөрү) бейтарап сот тарабынан тараптардын талабы боюнча аларга берилиши мүмкүн.
3. Эгерде тараптар башкалар тууралу макулдашпаса, талаш-тартышты караганда жабык эшикте өткөрүлөт.
4. Тараптардын ар бирине өз өңүтүн түшүндүрүү жана укуктары менен жана таламдарын коргоо үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр берилиши керек.
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1092/st-24" title="24-статья - Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>