# 21-статья. Утурлама доо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 21-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-21

---

1. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, жоопкер бейтарап макулдашуунун чегинен чыкпаган шартта утурлама доо берүүгө укуктуу.

2. Утурлама доо ага жазылган пикир менен бирге берилиши мүмкүн, ошондой эле эгерде бейтарап сот утурлама доонун берилишинин создугушунун себептерин жүйөөлүү деп эсептесе, талаш-тартышты чечүүнүн кийинки стадиясында тапшырылышы мүмкүн.

3. Доо арызы ушул Мыйзамдын 20-статьясында каралган эрежелер боюнча берилүүгө тийиш.

4. Утурлама доо бейтарап сотко жана доо арызынын көчүрмөсүн берүү бейтарап сот тарабынан жүзөгө ашырыла турган учурлардан башкасында - көчүрмөсү тарапка берилет.

5. Доогер утурлама доого пикирин бейтарап сотко ушул Мыйзамдын 20-статьясында белгиленген жоболорго ылайык жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-22)
