# 20-статья. Доо арызы жана доо арызына пикир

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 20-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-20

---

1. Тараптар тарабынан макулдашылган же бейтарап сот аныктаган мөөнөттө доогер өз талаптарын өзүнүн доо арызында баяндайт, ал бейтарап сотко, көчүрмөсү жоопкерге берилет, ал эми жоопкер доо арызына жазылган пикирди доогерге жана бейтарап сотко жибере алат. Буга пикирди негиздеген документтер кошо тиркелет.

2. Арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

1) арыз берилген күн;

2) тараптардын толук аталышы, алардын почта даректери;

3) эгерде доо баалана турган болсо, доонун наркы;

4) доо талабы;

5) доо талабы негизделген жагдайлар жана мыйзам ченемдери жана аларды ырастоочу далилдер; доо талабынын негизделген эсеп-кысабы;

6) талаш-тартыштын туура каралышы үчүн маанилүү болгон башка маалыматтар;

7) арызга тиркелүүчү документтердин жана башка далилдердин тизмеси.

Арызга төмөндөгүлөрдү ырастачу документтер тиркелет:

1) бейтарап макулдашуунун болгондугу;

2) жоопкерге доо арызынын жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүнүн жөнөтүлгөндүгү.

3. Тараптар доо арызын жана доо арызга пикирин бергенде документтерге же кийинчерээк бере турган башка далилдерине шилтеме жасашы мүмкүн.

4. Эгерде тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө тараптардын ар бири алардын макулдашуусунда каралган мөөнөттө жана колдонулуучу эрежелерде өзүнүн доо арызынын талабын же доого жазылган пикирин өзгөртүүгө же толуктоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-21)
