# 2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092#diff=50995..56527>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 2-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) бейтарап сот - бул жеке арбитр же арбитрлер коллегиясы;

2) бейтарап териштирүү (арбитраж) - тараптардын макулдашуусунда же колдонулуучу эрежелерде, же ушул Мыйзамда каралган тартипте талаш-тартышты бейтарап сот тарабынан кароо жана бейтарап сот тарабынан чечим (арбитраждык чечим) кабыл алуу процесси;

3) арбитр - талаш-тартышты чечүү үчүн тараптар шайлаган же тараптар макулдашкан же мыйзамда белгиленген тартипте шайланган (дайындалган) жеке жак;

4) арбитраждык мекеме - өзүнүн уюштуруучулук же институттук аталышына (сот, борбор, комитет же башка аталыш) карабастан, бейтарап териштирүүнү (арбитражды) башкаруу боюнча функцияларды аткаруучу уюм;

5) бейтарап териштирүүнү (арбитражды) башкаруу - талаш-тартышты чечүү боюнча бейтарап соттун түздөн-түз функцияларын кошпогондо, арбитраждык мекеменин арбитражды уюштуруучулук камсыздоо, анын ичинде арбитрлерди тандоо, дайындоо же четтетүү жол-жоболорун камсыз кылуу, иш кагаздарын жүргүзүү, арбитраждык жыйымдарды чогултууну жана бөлүштүрүүнү уюштуруу боюнча функцияларды аткаруусу;

6) бейтарап макулдашуу (арбитраждык эскертме) - тараптардын талаш-тартышты бейтарап териштирүү тартибинде чечүүгө өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуусу, ошондой эле мыйзамдын талаш-тартышты бейтарап териштирүү тартибинде кароого өткөрүп берүү каралган ченеми;

7) компетенттүү сот - Кыргыз Республикасынын тиешелүү соту;

8) бейтарап териштирүүдөгү тараптар - доогер жана жоопкер. Доогерлер болуп өз кызыкчылыгында доо койгон жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат. Жоопкерлер болуп аларга доо талабы коюлган жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат;

9) колдонулуучу эрежелер - туруктуу иштеген бейтарап соттун эрежелери, жоболору, регламенттери жана башка документтери.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-3)
