# 14-статья. Бейтарап соттун компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 14-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-14

---

1. Бейтарап сот бейтарап макулдашуунун болгондугу же аныктыгын жана белгилүү бир талаш-тартышты кароо боюнча өзүнүн компетенциясы жөнүндөгү маселени өз алдынча чечет.

2. Тараптар талаш-тартыштын маани-маңызын кароо башталганга чейин бейтарап макулдашуу жок же ал жараксыз деп таанууга негиз болгон жагдайлар тууралу билдирүүгө укуктуу. Тараптын арбитрди дайындоосу же анын арбитр дайындоого катышуусу аны мындай билдирүү жасоо укугунан ажыратпайт.

3. Бейтарап сот өз компетенциясынан аша чаап жатат деген билдирүү бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө коюлганда маселе, тараптын пикири боюнча, соттун компетенциясынын чегинен тышкары чыгып баратканда тараптар тарабынан айтылууга тийиш.

4. Эгерде бейтарап сот бейтарап макулдашуунун жоктугун же жараксыздыгын тааныса, бул тууралу аныктама чыгарылат, ал тараптарга тиешелүү тараптан алынган материалдар менен бирге жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-15)
