# 12-статья. Арбитрдин ыйгарым укуктарынын токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1092)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1092/edition/1241009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1092/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндө, 12-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-12

---

1. Бейтарап териштирүүгө катышуучу арбитрдин ыйгарым укуктары иш боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып 60 күндөн кийин токтотулат. Арбитрдин ыйгарым укуктары анын өзүнүн баш тартышына, жана алып салууга байланыштуу же тараптардын макулдашуусунда каралган башка негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн.

2. Эгерде ушул Мыйзамдын 42-статьясында каралган негиздер боюнча компетенттүү сот туруктуу иштеген бейтарап соттун чечимин бейтарап сотко мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүүдөн баш тартса, арбитрдин ыйгарым укуктары токтотулбайт. Туруктуу иштеген бейтарап сот талаш-тартыш боюнча чечим чыгарышкан ошол эле арбитрлерди тартып өзүнүн эсебинен талаш-тартыштын кайталанып каралышын камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1092/st-13)
