# 9-статья. Аудитордук иш жүргүзүүнү каалаган жеке жактарды аттестациялоо

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111881)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111881); 18.03.2019 [Закон КР от 18 марта 2019 года № 35 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111882); 29.06.2009 [Закон КР от 29 июня 2009 года № 196 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203170); 14.06.2004 [Закон КР от 14 июня 2004 года №75 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091#diff=1111122..1111123>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 9-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-9

---

Аудитордук ишти жүргүзүүнү каалаган жеке жактарды (мындан ары - талапкерлер) аттестациялоо алардын квалификациясын текшерүү максатында жүргүзүлүп, кийин талапкерлерге аныкталган үлгүдөгү мөөнөтсүз квалификациялык сертификат берилет. Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы N 377 "Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому Квалификациялык сертификат алуу укугуна төмөнкү адамдар ээ болушат:

- жогорку экономикалык билими барлар;

- аудит жана аудитти коштоочу кызмат көрсөтүүлөр жаатында акыркы үч жыл ичинде же экономикалык адистик боюнча акыркы беш жыл ичинде иш стажы барлар;

- экономикалык кылмыштар үчүн соттолбогондор;

- белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылбагандар.

Кыргыз Республикасында аудитордук ишти жүргүзүүнү каалаган жеке жактарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү аттестациядан өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу орган аттестациялык комиссия түзөт, анын курамынын 1/3ү кесиптик аудитордук бирикмелердин өкүлчүлөрүнөн турушу керек. Квалификациялык сертификаты бар ар бир аудитор сертификат алгандан кийинки жылдан баштап, ар бир календардык жылдын ичинде ыйгарым укуктуу орган бекиткен квалификациясын жогорулатуу программалары боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү. Квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өткөндүгүн ырастоочу документ кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен аудитор тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Кыргыз Республикасында аудитордук иш менен алектенүүнү каалаган жеке жактарды аттестациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2004-жылдын 14-июнундагы N 75, 2009-жылдын 29-июнундагы N 196, 2019-жылдын 18-мартындагы N 35, 2019-жылдын 29-мартындагы N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы N 377 "Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-10)
