# 8-статья. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111881)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091#diff=1111122..1111123>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 8-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-8

---

Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салууну аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат. Ыйгарым укуктуу орган жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Ыйгарым укуктуу органдын негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- аудитордук иштин стандарттарын иштеп чыгууну уюштуруу, аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берүү;

- Кыргыз Республикасында аудиторлорду аттестациялоо, окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу тутумун уюштуруу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, аудитордук ишти лицензиялоо;

- аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор тарабынан аудитордук иштин стандарттарынын аткарылышын контролдоо;

- аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсүнүн жана финансылык отчет берүүнүн көлөмүн аныктоо жана берүү тартибин иштеп чыгуу;

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү реестрлер жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудиторлук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү, ошондой эле реестрлерде камтылган маалыматты бардык кызыкдар жактарга берүү.

Караңыз: КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 39 Мыйзамы менен 8-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүү киргизилди (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы N 127 токтому менен бекитилген) "Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу" жобо

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-9)
