# 7-статья. Маалыматтын купуялуулугу

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июня 2009 года № 196 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091#diff=1111118..1111119>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 7-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-7

---

Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудитордук ишти жүргүзүү учурунда алышкан жана (же) түзүшкөн маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыздоого милдеттүү жана ал документтерди же алардын көчүрмөлөрүн буйрутмачыдан жана аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан башка эч бир үчүнчү тараптарга берүүгө же ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, аларда камтылган маалыматтарды аудит жүргүзүлгөн жана коштоочу кызматтар көрсөтүлгөн жактын, ошондой эле эгерде ал аудиттелүүчү жак болбосо буйуртмачынын да жазуу жүзүндөгү макулдугу болмоюнча ачыкка чыгарууга укугу жок. (КР 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык) II Глава Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-8)
