# 5-статья. Аудитордук уюм

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 5-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-5

---

Ушул Мыйзамдын 1-статьясында аныкталган ишти жүзөгө ашырган коммерциялык уюм аудитордук уюм болуп саналат. Аудитордук уюм ачык акционердик коом болгондон башка учурларда чарбалык шериктештиктер жана коомдор түрүндө гана түзүлүшү мүмкүн. Аудитордук уюмдун кадрдык курамынын 75 пайыздан аз эмесин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүгө тийиш. Чет өлкөлүк аудитордук уюмдар Кыргыз Республикасында аудитордук ишти тиешелүү аудитордук уюмдарды - Кыргыз Республикасынын резиденттерин түзгөндө, Кыргызстан банкынын ишине тышкы аудитти жүргүзүү учурун кошпогондо гана жүргүзө алат. Аудитордук уюмдун аткаруучу органынын жетекчиси аудитор гана болушу мүмкүн. Аудитордук уюм аудит жүргүзүү боюнча ишин Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында каралган шарттарда жана тартипте лицензия алгандан кийин гана жүргүзө алат. Аудитордук уюмдун штатында 2 ден кем эмес аудитор болууга тийиш. Аудитордук уюмдар алар тарабынан жүргүзүлүүчү аудитордук текшерүүлөрдүн сапатына ички контролдун стандарттарын белгилөөгө жана сактоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн стандарттарга коюлуучу талаптар аудиттин стандарттары менен жөнгө салынат. (КР 2008-жылдын 23-октябрындагы N 233, 2009-жылдын 29-июнундагы N 196, 2019-жылдын 18-мартындагы N 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-4)  
Кийинки берене: [5-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-5-1)
