# 4-статья. Аудитор

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111881)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111881); 24.02.2017 [Закон КР от 24 февраля 2017 года № 35 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111542)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091#diff=1111122..1111123>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 4-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-4

---

Аудитордук квалификациялык сертификаты бар, ыйгарым укуктуу орган белгилеген квалификациялык талаптарга жооп берген жеке жак аудитор боло алат. Аудиторлор өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүп жаткан учурда, илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары, мамлекеттик кызматта турууга жана бөлөк акы төлөнүүчү иште иштөөгө укугу жок. Аудиторлор банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана коомдордун Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү да боло алышат. Мында аудитор:

- эгерде ал акыркы беш жылдын ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзгөн болсо, банктын Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү боло албайт;

- ал Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса же мурда Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болсо, аны жумуштан бошоткон же ээлеген кызмат ордунан ыктыярдуу түрдө кеткен учурдан тартып беш жыл ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзө албайт;

- эгерде кандай болбосун башка банкта Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса, башка атаандаш банктарда аудитордук текшерүү жүргүзө албайт.

Аудитор эмгек келишими же келишим (контракт) боюнча аудитор катары бир гана аудитордук уюмдун курамында өз ишин жүзөгө ашырат. (КР 2017-жылдын 24-февралындагы N 35, 2019-жылдын 29-мартындагы N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-5)
