# 3-статья. Милдеттүү жана демилгелүү аудит

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июня 2009 года № 196 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091#diff=1111118..1111119>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 3-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-3

---

Аудит милдеттүү жана демилгелүү болушу мүмкүн. Төмөнкүлөр тарабынан жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш:

- Кыргызстан банкы лицензиялануучу банктар жана башка уюмдар;

Караңыз: (Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы N 22/2 токтому менен бекитилген) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредиттик ме- кемелердин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо

- камсыздандыруу уюмдары;

- баалуу кагаздардын коомдук сунуштарын жүзөгө ашыруучу коомдук компаниялар;

- инвестициялык фонддор;

- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурлардагы башка жактар.

Милдеттүү аудит жүргүзүлчү аудиттелчү жактар аудитордук уюм менен милдеттүү аудит жүргүзүү жөнүндө келишим түзүүгө, аудитти өз убагында жана толук жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө, аудит жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин баарын берүүгө, оозеки же жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча толук түшүндүрмө жана ырастамаларды берүүгө милдеттүү. Демилгелүү аудит жеке ишкердин же уюмдун компетенттүү башкаруу органынын чечими менен, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле аудит жүргүзүүнүн башка буйрутмачыларынын талабы боюнча да жүргүзүлүшү мүмкүн. Жүргүзүлгөн милдеттүү аудиттин жыйынтыгы боюнча аудиттелүүчү жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жалпыга маалымдоо каражаттарында аудитордук корутундусу (отчету) менен бир комплекте финансылык отчетторун жарыялоого;

- милдеттүү аудит жүргүзүлгөндүгү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында аудитордук корутундусу (отчету) менен бир комплекте финансылык отчетторунун жарыяланганы жөнүндө аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө.

(КР 2009-жылдын 29-июнундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-4)
