# 15-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүүнүн тартиби

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 15-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-15

---

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 10, 380-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин ушул Мыйзамда каралгандан айырмалуу уюштуруучулук-укуктук формада түзүлгөн аудитордук уюмдар үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамда каралган уюштуруучулук-укуктук формада кайра уюштурулууга тийиш. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген аудитордук квалификациялык сертификаттар, аудитордук ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензиялар аларда каралган мөөнөт бүткөнгө чейин жарактуу болот. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде аудитордук уюмдар өздөрүнүн уюмдаштуруу документтерин жана аудитордук уюмда иштеген адамдардын курамын ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген талаптарга ылайык келтирүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-14)
