# 11-статья. Аудит жүргүзүүдөгү чектөөлөр

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 11-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-11

---

Аудиттелүүчү жактардын уюмдаштыруучулары (катышуучулары), акционерлери, аудиттелип жаткан жактардын кызматкерлери, алар менен жакын туугандыкта же карым-катнашта (ата-энеси, жубайлар, бир туугандары, эже-карындаштары, балдары; жубайлардын бир туугандары, эже-карындаштары, ата-энелери жана балдары) болгон адамдар тарабынан, ошондой эле ал аудитор аудиттелчү жактарга карата аудит жүргүзүүдөн жана коштоочу кызматтарды көрсөтүүдөн башка кандайдыр бир мүлктүк кызыкчылыгы болгондо аудит жүргүзүлүшү мүмкүн эмес. Аудитордук уюм тарабынан төмөнкүлөргө карата аудит жүргүзүлүшү мүмкүн эмес:

- ошол аудиттелген жактардын уюмдаштыруучулары (катышуучулары), акционерлери болгон же ошол аудитордук уюмдарда башка мүлктүк кызыкчылыгы болгон аудиттелчү жактарга;

- ошол аудитордук уюм уюмдаштыруучусу (катышуучусу), акционери болгон же ал жана аудиттелчү жактарга карата аудит жүргүзүүдөн жана коштоочу кызматтарды көрсөтүүдөн башка кандайдыр бир мүлктүк кызыкчылыктары бар аудиттелчү жактарга;

- көрсөтүлгөн аудиттелчү жактардын туунду уюмдарына, филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө.

Аудитордук текшерүүдөн мурдагы эки жыл бою юридикалык жана жеке жактарга бухгалтердик эсепти калыбына келтирүү жана жүргүзүү, ошондой эле финансылык отчет түзүү боюнча кызмат көрсөтүшкөн жеке аудиторлор жана аудитордук уюмдар ал жактарга карата аудит жүргүзө алышпайт. Аудит жүргүзүү жана аны коштоочу кызматтарды көрсөтүү үчүн (анын ичинде милдеттүү аудит жүргүзүүдө) акы төлөөнүн тартиби, өлчөмү жана формасы келишимдерде аныкталат жана аудиттелчү жактардын аудиттин натыйжасы менен чыгарылчу корутундулардын мазмунуна карата кандайдыр бир талаптарынын аткарылышына көз каранды болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-12)
