# 10-статья. Квалификациялык сертификаттан ажыратуунун (алып коюунун) негизи жана тартиби

- Документ: [Аудитордук иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1091)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 30-июлундагы № 134 "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2019 года № 35 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2019 [Закон КР от 18 марта 2019 года № 35 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111882); 29.06.2009 [Закон КР от 29 июня 2009 года № 196 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091#diff=1111121..1111122>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1039/edition/1111115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1091/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аудитордук иш жөнүндө, 10-статья (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-10

---

Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (алып коюу) төмөнкүдөй негиздер болгондо гана ишке ашырылат:

1) анын квалификациялык сертификатты аттестацияга кирүү үчүн керек болгон жасалма документтерди пайдалануу менен анын алгандыгы аныкталганда;

2) ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланганы үчүн аудиторго карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

3) аудит жүргүзүүдө, аудитор тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды же аудит стандарттарын такай (эки же андан ашык жолу) бузган фактылар аныкталганда;

4) ошол аудитор кол койгон аудитордук корутундуну (отчетту) жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) аудитор ушул Мыйзамдын 7 жана 11-статьяларынын талаптарын аткарбаган учурда;

6) квалификациясын ар жыл сайын милдеттүү түрдө жогорулатып туруу жөнүндө талапты жүйөлүү себептерсиз эки ирет бузганда.

Аудиторду квалификациялык сертификаттан ажыратуу (алып коюу) жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган чыгарат. Аудиторду квалификациялык сертификаттан ажыратуу (алып коюу) жөнүндө чечим дароо күчүнө кирет жана ыйгарым укуктуу орган белгилеген массалык маалымат каражаттарында жарыяланат. Квалификациялык сертификаты жүйөлөштүрүлгөн тийиштүү чечим менен алынып коюлган аудитор бул чечимге карата сот тартибинде даттана алат. Аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратууну (алып коюуну) мыйзамсыз деп тааныган соттун чечими күчүнө кирген учурда, ыйгарым укуктуу орган соттун мындай чечимин ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган тартипте жарыялоого милдеттүү. Эгерде соттун белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндө жазалоону белгилеген өкүмүндө башка мөөнөт каралбаса, аудитор квалификациялык сертификатынан ажыратуу (алып коюу) жөнүндө чечим чыгарылгандан алты айдан кем эмес убакыттан кийин аттестация өткөрүүнүн графигине ылайык жалпы негизде аудитордун квалификациялык сертификатын алуу тууралу арызы менен кайрадан кайрылууга укуктуу. Аудиторлор тарабынан аудиттик стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактыларын аныктоо ыйгарым укуктуу органдын түздөн-түз компентенциясы болуп саналат. Аудитордук корутундунун мазмуну жана сапаты боюнча талаш-тартыштар сот органдарында каралган учурда эксперттик корутундуларды берүүгө аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болгон адистер гана укуктуу болушат. (КР 2009-жылдын 29-июнундагы N 196, 2019-жылдын 18-мартындагы N 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III Глава Аудит жүргүзүүнүн жана аудитордук кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1091/st-11)
