1-статья. Аудитордук иш
Күчүн жоготкон · 03.12.2021 редакциясы
Берене күчүн жоготкон.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 марта 2019 года № 35
Аудитордук иш (аудитордук кызмат көрсөтүүлөр) уюмдардын жана жеке ишкерлердин (мындан ары - аудиттелчү жактар) финансы отчетун көз карандысыз текшерүү боюнча (аудит) ишкердикти жана бул ишти коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү билдирет. Аудиттин максаты финансылык отчет берүүнүн колдонулуучу негиздерине ылайык финансылык отчеттун бардык олуттуу аспектилеринде анын аныктыгына болгон пайдалануучулардын ишениминин даражасын жогорулатуу болуп саналат. Финансы отчетун берүүнүн негизи катары финансы отчетунун эл аралык стандарттары жана (же) финансы отчеттору ага ылайык түзүлгөн финансы отчетторунун дагы башка стандарттары түшүнүлөт. Маани-маңыздуу жактар катары финансылык отчеттун, мындай отчетту пайдалануучуга, анын негизинде аудиттелген жактардын финансылык жана мүлктүк абалы тууралу, ошондой эле чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө туура тыянактарды, мындай тыянактарга негизделген негиздүү чечимдерди чыгарууга мүмкүндүк берген маалыматтардын тактыгынын даражасы түшүнүлөт. Аудитти коштоочу кызмат көрсөтүүлөр деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- финансы отчетунун баяндамасы;
- макулдашылган жол-жоболор боюнча милдеттенмелерди аткаруу;
- финансы маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу.
Аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго аудит жүргүзүүдөн жана ушул статьяда каралган кызмат көрсөтүүлөрдөн башка кандайдыр бир башка ишкердик иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудитордук кызмат көрсөтүүлөр менен бирге аудитордук иш менен байланышкан кызматтарды көрсөтө алышат, алар төмөнкүлөр:
- бухгалтердик эсепти жолго коюу, калыбына келтирүү жана жүргүзүү, бухгалтердик (финансылык) отчётторду түзүү, бухгалтердик консультацияларды берүү;
- салыктык консультацияларды берүү, анын ичинде салыктык эсептерди жолго коюу, калыбына келтирүү жана жүргүзүү, салыктык эсептерди жана декларацияларды түзүү;
- уюмдардын жана жеке ишкерлердин финансылык-чарбалык иштерин талдоого алуу, экономикалык жана финансылык консультацияларды берүү;
- башкаруучулук, анын ичинде уюмдарды кайра түзүү же аларды менчиктештирүү менен байланышкан консультацияларды берүү;
- маалыматтык тутумдарга аудит;
- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандартынын жана аудиттин эл аралык стандартынын талаптарына ылайык баалоо иши;
- ички аудит менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр;
- аудитордук ишке байланыштуу жааттарда, ошондой эле бухгалтердик эсепке, экономикага жана финансыга окутуу.
Аудитордук иш ишкердиктин лицензияланчу түрү болуп эсептелет. Аудитордук ишти лицензиялоо Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Караңыз: (КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы N 260 токтому менен бекитилген) "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жобо Аудитордук ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер (жеке аудитор) катары катталган аудиторлор жана (же) аудитордук уюмдар жүргүзүшөт. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жалпы негизде жүргүзүүгө укуктуу болушат. (КР 2019-жылдын 18-мартындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 2 сентября 2003 года № 558 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аудиторской…Постановление · 02.09.2003 · № 558 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1091/st-1" title="1-статья - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>