# 8-статья. Эркин жүрүүгө, жашаган жана турган жерин эркин тандап алууга чек коюулар

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2024 [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706); 22.07.2016 [Закон КР от 22 июля 2016 года № 131 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111410)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 8-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-8

---

Мамлекеттик коопсуздуктун жана коомдук тартипти сактоонун, калктын саламаттыгын сактоонун кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жерлеринде эркин жүрүүгө, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алууга чек коюлат:

- чек ара зонасында;

- жабык аскер шаарчаларында;

- жабык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдө;

- экологиялык кырсык жана табигый (техногендик) кыйроо коркунучу туулган зоналарда;

- массалык жугуштуу оорулардын таралышына жана адамдардын ууланышына коркунуч туулгандыктан улам калктын жашоосунун жана чарбалык иштин өзгөчө шарттары жана тартиби киргизилген айрым аймактарда жана калктуу конуштарда;

- өзгөчө же согуштук абал киргизилген аймактарда.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-9)
