# 7-статья. Ыктыярсыз жер оодаруулардан коргоого укуктуулук

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 7-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны жашаган жеринен же турган жеринен ыктыярсыз жер оодаруудан коргонууга укуктуу болушат.

2. Төмөнкүдөй учурларда:

1) тийиштүү калктын этностук, диний же расалык курамын өзгөртүү максатындагы же ошондой натыйжага алып келген апартеид, "этностук тазалоо" саясатына же ошол сыяктуу иш-аракетке негизделген;

2) эгерде мында зарылдык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун талаптары же согуштук мүнөздөгү өтө зарыл себептер менен шартталбаса, куралдуу кагылыштын учурунда;

3) администрациялык-аймактык бирдиктеги калктын эң маанилүү жана артыкчылыктуу кызыкчылыктарынын көз карашынан алганда өзүн актабаган социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы кеңири масштабдагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу учурларында;

4) эгерде коопсуздуктарын жана саламаттыктарын сактоону камсыз кылуу боюнча тийиштүү жарандарды эвакуациялоонун зарылдыгы жок болсо, табигый кырсык убагында;

5) жамааттык жазалоо катары пайдаланылуучу ыктыярсыз жер оодарууларга тыюу салынат.

Жер оодаруунун мөөнөтү ушул статьянын 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлардын кесепеттерин жоюу үчүн талап кылынган убакыттан узакка созулбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-8)
