# 6-статья. Кыргыз Республикасынын чегинде жарандардын эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу укугу

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 декабря 2011 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203476)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071634..1071635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 6-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-6

---

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укугу боюнча эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандын бүткүл аймагында эркин жүрүүгө, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу укугун чектөөгө ушул Мыйзамдын негизинде гана жол берилет. Кыргыз Республикасынын жарандары болбогон жана анын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүүгө, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алууга укуктуу болушат. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-7)
