6-статья. Кыргыз Республикасынын чегинде жарандардын эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу укугу
Күчүндө · 16.06.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2011 года № 232
Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укугу боюнча эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандын бүткүл аймагында эркин жүрүүгө, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу укугун чектөөгө ушул Мыйзамдын негизинде гана жол берилет. Кыргыз Республикасынын жарандары болбогон жана анын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүүгө, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алууга укуктуу болушат. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1090/st-6" title="6-статья - Ички жер которуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>