# 46-статья. Гуманитардык жардамдарды берүү

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 46-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-46

---

Аргасыз жер которуучуларга, ушул главада көрсөтүлгөндөй, медикаменттер, акчалай каражаттар, кийим-кече, азык-түлүк товарлары жана башка товарлар түрүндөгү гуманитардык жардамдарды уюмдар, ишканалар, жеке адамдар, ошондой эле эл аралык жана чет мамлекеттик уюмдар көрсөтө алышат. Аргасыз жер которуучулар үчүн гуманитардык жардам дареги боюнча пайдаланылууга тийиш. Гуманитардык жардамдарды көрсөтүү, ошондой эле аны бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Бардык тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары гуманитардык жардамдарды эркин ташып жеткирүүнү камсыз кылышат жана жеңилдетишет, мындай жардамдарды аргасыз жер которуучуларга тез жана тоскоолдуксуз жеткирүү менен иш жүргүзгөн адамдарга жол ачышат.

VI глава Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-47)
