46-статья. Гуманитардык жардамдарды берүү
Күчүндө · 16.06.2026 редакциясы
Аргасыз жер которуучуларга, ушул главада көрсөтүлгөндөй, медикаменттер, акчалай каражаттар, кийим-кече, азык-түлүк товарлары жана башка товарлар түрүндөгү гуманитардык жардамдарды уюмдар, ишканалар, жеке адамдар, ошондой эле эл аралык жана чет мамлекеттик уюмдар көрсөтө алышат. Аргасыз жер которуучулар үчүн гуманитардык жардам дареги боюнча пайдаланылууга тийиш. Гуманитардык жардамдарды көрсөтүү, ошондой эле аны бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Бардык тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары гуманитардык жардамдарды эркин ташып жеткирүүнү камсыз кылышат жана жеңилдетишет, мындай жардамдарды аргасыз жер которуучуларга тез жана тоскоолдуксуз жеткирүү менен иш жүргүзгөн адамдарга жол ачышат.
VI глава Корутунду жоболор
Берененин тексти 16.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1090/st-46" title="46-статья - Ички жер которуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>