# 43-статья. Аргасыз жер которуучулардын алардын ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү укуктары

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2024 [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984); 22.07.2016 [Закон КР от 22 июля 2016 года № 131 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111410); 16.10.2002 [Закон КР от 16 октября 2002 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 43-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-43

---

1. Ушул Мыйзамдын 33, 35 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөн жарандардын категориялары өздөрүнүн саламаттыгына жана мүлкүнө келтирилген зыяндарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө калыбына келтирүүгө укуктуу.

2. Ушул Мыйзамдын 34-статьясында көрсөтүлгөн экологиялык кырсыктын натыйжасында жапа чегишкен экологиялык жер которуучулар жана жарандар өмүрүнүн акырына чейин милдеттүү адистешкен медициналык байкоодо турууга жатат. Бул жарандарга медициналык жардамдарды көрсөтүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү, ошондой эле диспансердик жардамдарды көрсөтүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу органдары аныктаган тизмедеги саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Ушул статьяда көрсөтүлгөн экологиялык же табигый кырсыкка байланыштуу себептерден улам ооруп калган же майыптык алган жарандарды тактоо медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу башка органдары тарабынан ишке ашырылат. Экологиялык же табигый кырсыктан жапа чеккендердин таптакыр же убактылуу ишке жарамсыздыгын көрсөтүлгөн комиссиялар мындай байланыштар болбогон учурда табылды деп белгилейт.

4. Көрсөтүлгөн медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) чечимдери канааттандырбаган жарандар ишти кайталап кароо өтүнүчү менен Республикалык медициналык-социалдык эксперттик комиссияга экологиялык же табигый кырсыктан улам ооруп калгандыгына жана майыптыгына байланыштуу себептерди белгилөө үчүн кайрылууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, эч кандай сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү формаларын каралган эмес.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-44)
