# 41-статья. Жарандарды аргасыз жер оодартуу

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 41-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-41

---

1. Жарандарды аргасыз жер оодартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Жарандарды жер оодартуу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аргасыз жер оодаруудан качуунун бардык альтернативдүү жолдорун караштырат. Мындай шарт болбосо, жер оодартууну кыскартуу жана жагымсыз кесепеттерди болтурбоо чараларын көрөт.

2. Мына ушундай жер оодарууларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруунун тиешелүү органдары аргасыз жер которуучуларды ойдогудай көчүрүүнү жана жер оодарууларда коопсуздукту, саламаттыкты сактоо, тамак-аш менен камсыз кылуу, гигиенаны сактоонун шарттарын канааттандыруу аркылуу камсыз кылышат. Жер оодаруулардын натыйжасында бөлүнүп калган үй-бүлөлөр мүмкүнчүлүгүнө жараша кыска мөөнөттө баш коштурулууга тийиш.

3. Эгерде жер оодаруулар куралдуу кагылыштар жана табигый кырсыктар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 33, 36 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөн башка кыйроолор шарттаган өзгөчө кырдаалдардын учурунда жүргүзүлбөсө, төмөнкүдөй кепилдиктер сакталууга тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер оодаруу жөнүндө атайын токтомун чыгаруу;

2) аргасыз жер которуучуларга аларды көчүрүүнүн себептери жана тартиби, ошондой эле тиешелүү учурларда компенсация жана көчүп баруучу жер жөнүндө маалымат берүү;

3) жарандардан алардын эркин көчүүсү боюнча эркин жана ынанган макулдуктарды алуу үчүн чараларды көрүү;

4) мындай көчүрүүлөрдүн мезгилинде алардын укуктарын жана эркиндиктери бузулган учурда, аргасыз жер которуучуларга укуктук коргоо каражаттарын натыйжалуу пайдалануу укугун камсыз кылуу.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-42)
