# 40-статья. Аргасыз жер которуучуларга карата негизги кепилдиктер

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 40-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-40

---

Аргасыз жер которуучулар:

1) Кыргыз Республикасынын белгилүү бир районунун жергиликтүү калкы пайдаланган укуктардан жана эркиндиктерден Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ошол эле теңчиликтин негизинде пайдаланышат;

2) алар аргасыз жер которуучу болуп саналгандыктан кандай гана укуктар жана эркиндиктер болбосун жүзөгө ашырууда кодулоого дуушар болууга тийиш эмес;

3) алар аргасыз жер которуучу болуп саналгандыктан негизи жок камакка алууларга жана камоолорго дуушар болууга тийиш эмес;

4) өлкөнүн башка булуң-бурчунан коопсуз жашоо шартын издөө укугунан пайдалана алышат;

5) алар өмүрүнө, коопсуздугуна, эркиндигине жана саламаттыгына коркунуч келген туш келген жерлерге аргасыз кайтып келүүгө же отурукташтырылууга жатпайт;

6) дайынсыз кеткен туугандарынын тагдырлары жана жашаган жерлери жөнүндө билүү укугуна ээ;

7) алардын жеке турмушуна кийлигишүүгө жол берилбейт, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү бирге болууга укуктуу;

8) негизги медициналык жана башка социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга жана башкалар менен бирдей деңгээлде жашоого укуктуу;

9) алар кайда гана болбосун укук субъектилигине жана жер оодарууда жоголгон документтерин калыбына келтирүү укугуна ээ;

10) бирөөлөрдүн ээнбаштыгынан мүлкүнөн жана менчигинен ажырап калууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-41)
