# 38-статья. Жаранды аргасыз жер которуучу деп таануу

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2024 [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984); 22.07.2016 [Закон КР от 22 июля 2016 года № 131 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111410)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 38-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-38

---

1. Аны аргасыз жер которуучу деп таануу үчүн ушул Мыйзамдын 33, 36 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөндөргө ылайык шарт боюнча мурдагы жашаган жерин таштап кеткен жаран беш күндүн аралыгында жаңы келген жерлериндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу органга жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу расмий өтүнүч менен кайрылууга милдеттүү. Жүйөөлүү себептери бар жаранга жогоруда аталган өтүнүчтөр менен кайрылуу мөөнөттөрү узартылат.

2. Жаран аны аргасыз жер которуучу деп таануу маселеси чечилгиче Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартиптеги төмөнкүдөй укукка ээ:

1) убактылуу жайгашкан жеринде, болбосо туугандарыныкында жашоого;

2) медициналык жана дары-дармек жардамдарын жалпы негизде пайдаланууга.

3. Жаран ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) аны аргасыз жер которуучу деп таануу жөнүндөгү расмий өтүнүчтү кароо үчүн зарыл маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө;

2) убактылуу көчүп келген жерде белгиленген тартипти сактоого.

4. Жаранды аргасыз жер которуучу деп таануу жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү расмий өтүнүч алынгандан кийин расмий өтүнүч катталгандан беш күндүн аралыгында кабыл алынат.

Аргасыз жер которуучу деп таанылган жаранга белгиленген тартипте маалымкат берилет.

5. Аргасыз жер которуучунун статусу:

1) ушул Мыйзамдын 33, 36 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлардын кесепеттери жоюлгандан кийин;

2) жаран мурдагы жашаган жерине кайтып келгенден же ал ушул райондон башка турак жай же белгиленген жер участогу менен бекер камсыз болгондон кийин токтотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-39)
