# 37-статья. Куралдуу кагылышуулар жана массалык тартипсиздиктер болгон райондордон келген аргасыз жер которуучулар

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2024 [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984); 22.07.2016 [Закон КР от 22 июля 2016 года № 131 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/111410); 09.12.2011 [Закон КР от 9 декабря 2011 года № 232 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции""](https://aqlex.ai/kg/doc/203476)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 37-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-37

---

Куралдуу кагылышуулар жана массалык тартипсиздиктер болгон райондордон келген аргасыз жер которуучулар деп, куралдуу кагылышуулар жана массалык тартипсиздиктер болгон райондордон Кыргыз Республикасынын коопсуз райондоруна көчүп келишкен жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде таанылышы мүмкүн. Куралдуу кагылышуулар жана массалык тартипсиздиктер токтогондон кийин, эгерде адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келбесе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана мамлекеттик бийликтин тиешелүү башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте бул адамдардын мурда жашаган жерлерине кайтып келүүсү жана алардын бузулган үйлөрүн калыбына келтирүү менен жайгашуулары боюнча чара көрүшөт. (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-38)
