# 36-статья. Табигый кырсык, ири кыйроолор жана алаамат болгон жерлерден келген аргасыз жер которуучулар

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 36-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-36

---

1. Табигый кырсык, ири кыйроолор, алаамат жана башка жагдайлардын натыйжасында мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын өзгөчө абалдар жөнүндө конституциялык мыйзамына ылайык өзгөчө абал киргизилет.

2. Конкреттүү жагдайларга байланыштуу өзгөчө абалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана башкаруусунун ыйгарым укуктуу органдары жарандарды башка туруктуу жана убактылуу турак жайларды берүү менен жашоого коркунучтуу райондордон убактылуу көчүрүүгө укук алышат.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жарандарга, алар ушул Мыйзамдын 38-статьясына ылайык аргасыз жер которуучулар деп таанылгыча жашоо үчүн негизги зарыл шарттар, тамак-аш, ичилүүчү суу, негизги санитардык жана медициналык кызматтарды кошкондо бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

4. Ушул статьяда көрсөтүлгөн табигый кырсыктардын жана башка жагдайлардын кесепеттерин жойгондон кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана башка тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте аргасыз жер которуучуларды мурда жашаган жерлерине кайтып келүүсүнө жана алардын бузулган үйлөрүн калыбына келтирүү менен жайгашууларына көмөк көрсөтүшөт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-37)
