# 35-статья. Экологиялык кырсык болгон зонадан кетпей калган жарандарга жардам көрсөтүү

- Документ: [Ички жер которуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1090)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июлундагы № 133 "Ички жер которуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 февраля 2024 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней миграции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001984)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090#diff=1071642..3290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1038/edition/1071633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1090/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички жер которуу жөнүндө, 35-статья (16.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-35

---

1. Экологиялык кырсык болгон зонадан кетпей калган жарандар экологиялык жер которуучулар сыяктуу эле бардык зарыл жардамдарды алууга жана жашоо үчүн негизги зарыл керектүү тамак-аш, ичилүүчү суу жана санитардык жана медициналык негизги кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болууга тийиш. Ушул статьяда көрсөтүлгөн жарандар комплекстүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө жатат.

Мына ушундай адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аларды дарылоо, ден соолугун чыңдоо, калыбына келтирүү жана социалдык жактан коргоо боюнча, ошондой эле аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик программаны жана чаралардын комплексин кабыл алат.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жапа чеккен калкка компенсацияны аймактын коркунуч даражасы боюнча классификацияланышына жараша аныктайт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте экологиялык кырсык болгон аймакты экологиялык жактан калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-февралындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1090/st-36)
